Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Казакстанда чек ара маселесин козгоду

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 179 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарында өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин XII жыйынында чек арадагы жүк өткөрүү маселесин козгоду.

Акылбек Жапаровдун айтымында, 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,1%га өскөн. Ошондой эле 2023-жылдын 7 айында соода 759 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 13,1%га өскөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки өлкө келечекте байланыштын дүйнөлүк транспорт системасына кошулушу керек экенин белгилеген.

«Кыргызстан менен Казакстан тарабынан биргелешкен транспорт коридорлорун пайдалануу эки өлкөгө тең пайда алып келет. Бул контекстте тоскоолдуксуз транзитти камсыздоо, чек арада жүйөсүз кармоолорго жана текшерүүлөргө жол бербөө зарыл», — деген ал.

Мындан тышкары суу-энергетикалык кызматташтыктын актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери боюнча алгылыктуу чечимдерди табууга биргеликте шарт түзүлүп жатканына токтолгон.

Айта кетсек, август айынын соңунда, сентябрь айынын башында чек арадагы «Ак-Тилек» постунда жүк ташыган унаалар Казакстан тарапка өтө албай, көпкө туруп калышкан. Кыргызстан тарап бул боюнча Казакстанды «ЕАЭБ принциптерин сактабай жатат» деп айыптаган.

Ал эми Казакстан бул айыптоолорду четке кагып, мыйзамсыз жүк ташууларга каршы иштер жүрүп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM