Биз менен байланышыңыз

Германиядагы жарандар үчүн «Кыргыз тилинин грамматикасы» жарык көрдү

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 181 | 0

Кечээ, 22-сентябрда Германиянын Берлин шаарында доктор Махабат Садырбектин «Кыргыз тилинин грамматикасы» китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кабарлады.

Иш-чарага элчи Өмүрбек Текебаев баштаган элчиликтин кызматкерлери, Германияда жашаган кыргыздар катышкан.

Антропология илимдеринин доктору, саясат таануучу, лингвист, Германиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Махабат Садырбек 1999-жылы Германияга окууга келип, ошол жакты жердеп калган.

Элчиликтин айтымында, Германияда экинчи муундагы кыргыздар пайда боло баштады. Бул жактагы балдардын көбүнүн тили немисче чыгып жатат.

Доктор Махабат Садырбек ушул жагдайларды эске алып, андан тышкары кыргыз тилине кызыккан немистерге арнап, ушул китепти жазып чыккан. Бул китеп жаш балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө ата-энелерге жардамчы болот.

Эске салсак, Махабат Садырбек буга чейин «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде китептин жазылып калышына себеп болгон жагдайларга, тарыхына токтолуп өткөн эле.

Copyright © 2017 Maral FM