Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак ишкерлери 60 млн долларлык келишимге кол коюшту

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 180 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарында өткөн Аймактар аралык кызматташтыктын I форумуна катышты.

Форумда эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды арттыруу, ишкердик, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында кыргыз-казак ишкерлеринин бизнес-аңгемелешүүсү өтүп, анын жыйынтыгында 60 млн доллардан ашуун көлөмдөгү коммерциялык макулдашуулар жана келишимдер түзүлдү.

Андан тышкары Жалал-Абад облусу менен Актөбө облусунун жетекчилери, Ош шаары менен Шымкент шаарынын башчылары аймактар аралыш байланыш түзүү боюнча Меморандумга кол коюшту.

КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен Казакстандагы Актөбө облусунун акими Асхат Шахаров

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Шымкент шаарынын акими Габит Сыздыкбеков

Copyright © 2017 Maral FM