Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Эквадор Кыргызстандын жарандарына визалык режим киргизди

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 120 | 0

Эквадор мамлекети Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режим киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Министрлик буга байланыштуу Эквадорго сапарга чыгууну алдын ала мерчемдеп алууну өтүндү.

Мамлекетке кирүү эрежелери менен расмий сайтынан таанышууга болот.

Айта кетсек, аталган өлкө буга чейин Кыргызстандын жарандарына 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген болчу.

Эл аралык паспорт индекси сайтында көрсөтүлгөн маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын жарандары 27 мамлекетке визасыз кире алат. Андан тышкары 46 мамлекетке баргандан кийин виза алса болот. Ошондой эле 3 мамлекетке баруу үчүн алдын ала катталууга тийиш. Кыргызстан өзү 61 мамлекеттин жарандарын визасыз киргизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM