Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга айып салынды

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 200 | 0

Айланма жолдо мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облустук милициясы Салык кызматы менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга карата рейд жүргүздү. Текшерүү жол жээктерин иретке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Ошентип, эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда желим бөтөлкөлөргө күйүүчү май куюп, мыйзамсыз сатып жаткан 5 жаранга 3 миң сомдон айып салынып, жалпы 2 тонна 200 литер күйүүчү май алынды.

Акыркы бир жумада Кыргызстанда бензиндин кескин өскөнү байкалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM