Биз менен байланышыңыз

ЖК: Эки депутаттын ишин иликтей турган комиссия бекитилбей калды

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 106 | 0

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Өмүрбек Бакиров менен Фархадбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратуу чечиминин мыйзамдуулугун карап чыгуу сунушун «Элдик» депутаттык тобу, ал эми Фархадбек Алимжановдун маселесин текшерүү сунушун «Альянс» фракциясы берген.

Айтылган маселелер боюнча Жогорку Кеңеш буга чейин кабыл алган токтомго ылайык, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Андан кийин убактылуу комиссияга төмөнкү депутаттар сунушталды:

  • «Ата журт-Кыргызстан» — Фархат Исмаилов
  • «Элдик» — Жалалидин Нурбаев
  • «Ишеним» — Айсара Абдибаева
  • «Ынтымак» — Шарапаткан Мажитова
  • «Альянс» — Чынгыз Айдарбеков
  • «Бүтүн Кыргызстан» — Айгүл Айдарова
  • «Ыйман Нуру» — Замир Мамасадыков

Ушул курамды бекитип алуу боюнча чечимди биринчи добуш берүүдө каттоодон өткөн 64 депутаттын 37си гана колдосо, кайталап добуш берүүдө 39 гана депутат колдоп, жыйынтыгында комиссиянын курамы бекитилбей, жыйындан тарап кетишти. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин чечимдери 46 «макул» добуш берилгенде гана өттү деп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM