Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ун саткан жарманкелер уюштурулууда

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 486 | 0

Монополияны жөнгө салуу кызматы 20-сентябрдан тарта Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жарманкелер башталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жарманкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекитти.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин даректери:

—  «Дордой моторс» базары,

—  «Ош» базары,

—  «Аламедин» базары болжол «Табылга» соода борборунун аялдамасы,

— «Орто-Сай» базары болжол «Оберон» бөлүмүнүн кире бериши,

— «Дордой фут» базары,

 Бишкек шаарындагы жарманкеде сатылып жаткан жергиликтүү ундун баалары:

— Жогорку сорт — 1860 сом,

— 1 сорт — 1500 сом,

— 2-сорт — 1125 сом,

Облустардагы орточо баалар:

Ош шаарында:

— 1-сорт — 1700-1900 сом,

— 2-сорт — 1400-1700 сом,

Ош облусу боюнча:

— 1-сорт — 1650-1900 сом,

— 2-сорт — 1500 сом

Баткенде:

— 1 сорт — 1700-1900 сом,

— 2 сорт — 1400-1700 сом.

Нарында:

— 1-сорт — 1700-2100 сом,

—  2-сорт — 1400-1700 сом.

Жалал-Абад шаарында:

— 1-сорт — 1500-1750 сом,

— 2- сорт — 1100-1350 сом.

Каракол шаарында:

— 1-сорт — 1400-1450 сом,

— 2-сорт — 1100-1200 сом.

Таласта:

— 1-сорт — 1725-1750 сом,

— 2-сорт — 1375 сом.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50%ын Казакстандын уну түзгөн.

«Же суудан жок, же ундан жок». Депутат өкмөттүн кышка даярдыгын сындады

Copyright © 2017 Maral FM