Биз менен байланышыңыз

«Же суудан жок, же ундан жок». Депутат өкмөттүн кышка даярдыгын сындады

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 215 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин кышка даярдыгын сындады.

Ал ундун баасы дароо 1000 сомго кымбаттап кеткенин, бул аткаруу бийлигинин шалаакылыгын, күз-кышка даярдыгы жоктугун көрсөткөнүн айтты. Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке келип, азык-түлүк баалары жана кышка даярдык тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

«Казакстанга сууну каалагандай бердик. Азыр суу жок, ун жок. Бул башталышы эле, күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго чыгып атат. Биз буга чейин «азык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлгө алгыла» деп канча айтып келдик. Элден акча жыйнаганды билебиз, кантип багышты билбейбиз», — деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында өлкөдө нан кымбаттап кеткени тууралуу маселе көтөрүлгөн. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев нандын кымбатташын Казакстандан келген биринчи сорттогу ундун баасы жогорулаганы менен түшүндүргөн.

Анын айтуусунда, Казакстандан келген ундун көлөмү кыскарды. Өкмөткө тиешелүү сунуштар берилип, маселени чечүү жолу каралууда.

Министрлер кабинети өлкөдө ундун жетишсиздиги жок экенин, азык-түлүк кору алты айга жетерин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM