Биз менен байланышыңыз

Селекцияда бычакталган аялдын абалы оор экени айтылды

Ден соолук , Коом | 21 Сен 2023 | 3554 | 0

Сокулук районундагы Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын окуясы чуу жаратты. Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси кайрадан көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча аялга 8 саат операция жасалган. Учурда бейтаптын операциядан кийинки абалы орто экени айтылды. Чүй облустук милициясы аялды бычактаган киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Учурда тергөө иштери уланууда. Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү.

Сокулук районунун Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөнү маалым болгон.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бычакталган аял кечээ саат түшкү 12:00 чамасында ооруканага түшкөнүн, ага 8 саатка созулган операция жасалганын билдирди.

Башкы дарыгер учурда бейтаптын абалы оор экенин, этап менен мындан башка да операция жасаларын айтты.

«Бейтап түшкөндөн 15-20 мүнөттөн кийин документтерин толтуруп, дароо операцияга киргиздик. Операция 12 жарымда башталып, кечки 8 жарымда бүттү. Операцияны үч хирург жасады. Кечээ келгенде абалы өтө оор болчу. Көп кан жоготкон. Бир катар шокторду алган. Мойну, бети кесилген болчу. Операциядан кийин деле абалы оор деп бааланууда. Бирок туруктуу оор абалда. Эртең менен да текшергенде абалы оор болчу».

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замирбек Сыдыков аялды бычактоого шектүүнү милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгенин билдирди.

Милицияга Селекциядагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат түшкөн.

«2023-жылдын 20-сентябрь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран бычактан алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыз-жаза кодексинин 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда».

Жогорку Кеңештин жыйынында да бул үрөй учурган окуя боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Нилуфар Алимжанова эмне себептен мындай учурлар соцтармакка чыкканда гана көзөмөлгө алынып жатканын айтты.

Ал бул ишти көзөмөлгө алууну жана тиешелүү министрликтердин жоопкерчилигин кароону талап кылды.

«Кечээ соцтармактарга каргашалуу окуя тарап кетти. Эркек киши жубайынын бетин, кулагын кесип салыптыр. Буга чейин да милицияга бир нече жолу кайрылса, кайдыгер мамиле кылып коюшкан. Эмне үчүн сөзсүз түрдө соцтармактарга чыгып, резонанс болгондо эле бул маселе көзөмөлгө алынат? Мен талап кылам: милициянын, министрликтин жоопкерчилигин кароо керек. Эмнеге биздин аялдарыбыз ушинтип кыйналышы керек? Сөзсүз түрдө бирөө өлгөндө же жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынышы керекпи? Бул туура эмес. Чараны күчөтүү керек. Караңыздар, буга жардам берели. Кайдыгер болбойлу».

Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева да Селекцияда бычакталган аялдын окуясы дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурганын айтты. Ал мындай окуялар убагында көзөмөлгө алынбагандыктан жана толук чара көрүлбөгөндүктөн кесепети гана көрүнүп жатканын кошумчалады.

«Ушул ырайымсыз күйөөсүнүн аялына болгон мамилеси анын кулагын, мурдун кескени эч бир адамгерчиликке сыйбаган нерсе болуп жатат. Негизи аялдар мындай учурда укук коргоо органдарына кайрылат. Бирок кайрылуулар убагында көңүл бурулбаганы үчүн кесепетин көрүп жатабыз. Буга чейин зордук-зомбулукка кабылган аялдар жазган арыздардын баарын чогултуп карап, алар боюнча акырына чейин иш алып барууга тапшырма берилиши керек».

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM