Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Жуманазарова менен Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 20 Сен 2023 | 357 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыгышты.

68 кг салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова 1/16 беттеште перулук балбанды 10:0 эсебинде, 1/8 беттеште украиналык балбанды 5:2 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Япониянын балбаны менен кез келет.

Ал эми 62 кг салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова биринчи кармашта Польшадан келген спортчуну жеңсе, экинчи беттеште Молдованын спортчусу Мариана Чердивараны бир мүнөткө жетпеген убакытта жеңип алды.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) япониялык Юка Кагами менен алтын үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы менен Юка Кагами 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, кыргызстандык балбан кыз Азия чемпиону аталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM