Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: IТ тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоого даярбыз

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 266 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка караганда, IT-борборго болгон сапарда министрлер кабинетинин төрагасына борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылган.

Акылбек Жапаров бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берээрин белгиледи.

«Жеке бизнеске маалыматтык технологияларды колдонууга жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берген IT-чечимдери мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы инструмент болуп калышы мүмкүн жана өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет. Учурда өлкөдө ишке киргизилген IT-чечимдердин көбү бизнеске жана мамлекеттик органдарга санариптик трансформация көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө. Жыл сайын аларга суроо-талап өсүүдө. Биз аны жайылтууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле бул тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даярбыз», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM