Биз менен байланышыңыз

Кесиптик лицейлердин директорлугуна конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 610 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби боюнча жобону бекитүү жөнүндө» ушул жылдын 23-июнундагы №312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык ачык сынак жарыялады.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар:

жогорку кесиптик билиминин болушу;

билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

Кыргыз Республикасынын жарандыгы;

Окуу жайдын жетекчиси төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

Конституцияны, Эмгек кодексин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды жана Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү, билим берүү уюмдарынын билим берүү, илимий, өндүрүштүк-чарбалык жана финансы-экономикалык ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылары;

Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;

Билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун;

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатында чет өлкөлүк билим берүү мекемелерин илимий жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларын;

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

Арыз;

Жарандык паспорттун көчүрмөсү;

Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);

Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарапбынан);

Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.

Документтерди кабыл алуу 20-сентябрда башталып, 3-октябрда саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча байланыш номерлери: 0312 — 66-47-19, 0312 66-47-43

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM