Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиевдин аты өзү туулган айылга бериле турган болду

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 1062 | 0

Токтогул районундагы Өзгөрүш айылы Элмирбек Иманалиев айылы деп атала турган болду. Бул маалыматты айыл тургундары кабарлады.

Президенттин «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде айыл аймактарды бириктирүү иштери башталган. Алгач пилоттук долбоор катары Түп районундагы 13 айыл аймак ирилештирилип, 5 айыл аймак түзүлгөн.

Жарлыктын алкагында Токтогул районундагы Ничке-Сай жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактары бириктирилип, жалпы элдин демилгесинин негизинде ирилешкен аймакты Элмирбек Иманалиев атындагы айыл аймак, аны менен бирге айыл аймактын борбору Өзгөрүш айылын Элмирбек Иманалиев айылы деп атоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары токтом кабыл алышты.

Мыйзамга ылайык, токтом райондук администрациядан, Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн колдоо тапкандан кийин Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн жумушчу топто каралып, андан соң аталышты бекитип берүү Жогорку Кеңешке сунушталат.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, жазма акын, манасчы, дастанчы, обончу, актёр Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Төрт жашынан тамга таанып, 7 жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, кийинчерээк Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тарта аралашып баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштын баш байгесин алган. Бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон.

Аны менен катар «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан жадап бүттүм», «Ай, секет» сыяктуу ырчы-аткаруучулардын репертуарынан түшпөгөн ондогон обондорду жараткан. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлган Сейит Алтымышевдин «Таң булбулу» драмасында Токтогулдун ролун аткарган. Мындан тышкары бир нече элдик ырларды, эпос-дастандарды жогорку чеберчиликте аткарып келген.

2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM