Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Глобалдык фонддун каржысынан кол жууп калышы мүмкүн

Ден соолук , Коом | 19 Сен 2023 | 3098 | 0

Кыргызстанга СПИД, кургак учук жана безгек оорулары менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонддон каражат бөлүнбөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрү маселе көтөрүп чыгышты. Алар «Саламаттык сактоо министрлиги фонд аркылуу келүүчү грантка расмий кайрылбай жатат» деген кинени коюшууда. Каражаттын бөлүнбөй калышы Женевада өткөн Глобалдык фонддун жыйынында белгилүү болгон. Буга Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт? Эгер Глобалдык фонддон каражат бөлүнбөй калса, Кыргызстан керектүү дары-дармектерди өзү каржылай алабы? 

Глобалдык фонд 3 жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 15 млрд доллар таратат. Бөлүнгөн каражат СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүүгө жумшалышы керек. Грант алуу үчүн мамлекеттер фондго кайрылуу жазышат.

Кыргызстан 2004-жылдан тарта аталган фонддон каражат алып келет. Жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жумшалган каражаттын 70%ын фонд каржылайт.

Кайрылууну (заявканы) жазгандардын катарында Айбар Султангазиев да бар. Ал быйыл кышында 2024-2026-жылга карата грант бөлүп берүү үчүн кайрылуу жазылып, Глобалдык фондго жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, фонд кайрылууну кабыл алып, дээрлик 27,8 млн доллар бөлүнгөн. Ошондой эле грант кандай иштетилерин сүйлөшүү үчүн Женевадан Кыргызстанга 12 адамга чакыруу берилген.

«Эмне иш кылабыз, кайсы дарыларды кандай баада алабыз, ошолордун баарын тактоо керек. Ал үчүн атайын бюджеттик план бар. Аны Глобалдык фонд менен такташуу керек, суроолоруна жооп берүү керек. Июндан баштап октябрга чейин сүйлөшүүлөр жүрөт. Мамлекеттен расмий өкүлдөр, Саламаттык сактоо министрлигинен, СПИД борборунан, Кургак учук борборунан катышышы керек. Булар каражат кандай иштетилери боюнча түшүндүрмө бериши керек болчу. Үч жума мурун фонд бизге чакыруу жиберген. Женевага он эки адам, анын ичинен Саламаттык сактоо министрлигинин алты өкүлү барышмак. Спид жана кургак учук борборунан, ошондой эле саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунан барышмак. Алардын жол киреси, жатаканасы баары төлөнгөн эле».

Айбар Султангазиев Женевадагы жыйынга жарандык коомдун атынан барган. Ал министрликтин алты өкүлү эмне себептен барбай калганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Өткөн жумада фракциянын жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фондго каршылыгын билдирди. Ал жаздан бери каршылыгын билдирип келет. Бул маселени кайра көтөрдү. «Эмне себептен бул кишилер баратат? Өздөрү эле барып, келишимге кол коюп коюшат. Биз мындайга каршыбыз» деген пикирин айткан. Анда жаңы министрдин талапкерлиги бекитилип жаткан. Министр жаңыдан дайындалып жатса, эмне болуп жатканын билбейт да. Анан депутаттар менен урушпайын деп, эч ким барбайт деп койду да. Ал эми алтынчы күнү чакырылгандар кетмек».

Султангазиев Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү ушул себептен улам барбай калганын билдирди.

Бул маселени Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева көтөргөн. Ал Глобалдык фонддун каражатын бейөкмөт уюмдар алып, анын жарымы эле уюмга түшүп жатканын, жумшалган каражаттар тууралуу мамлекетке маалымат беришпесин сындаган. Мындай долбоорду мамлекет көзөмөлүнө албаса, пайда чыкпасын айткан.

Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиев Глобалдык фонд боюнча маалымат чогултуп, кандай чечим кабыл алынарын кабарлай турганын билдирген.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов министрликтин өкүлдөрү ар кандай себептерден улам баралбай калганын, онлайн катышууга макулдук алганын айтты.

«Бул — чечилген эле маселе. 27 млн үч жылга берилиши керек. Вич-СПИДди дарылоого 13,5 млн бөлүнөт. Ал эми жыйынга министрликтин өкүлдөрү ар кандай маселелерге байланыштуу баралбай калышты».

Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары Гүлмира Калманбетова министрдин орун басары Глобалдык фондго кат жөнөткөнүн маалымдады. Анда министрликтин өкүлдөрү эмне себептен Женевага баралбай калганы түшүндүрүлгөн.

Калманбетова учурда онлайн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, элди туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

«Кечээ күнү кечинде Глобалдык фонддон кат келди. Анда жыйынга онлайн катышууга макулдук берилген. Азыр мен ушул жыйынга онлайн катышып жатам. Ал жакта гранттын бөлүнүшү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туура эмес маалымат таратып, элди дүрбөлөңгө салгандарга ишенбегиле. Министрликтин бул долбоор боюнча толук маалыматы бар».

Женевадагы жыйынга катышкан Айбар Султангазиев министрликтин буга чейин онлайн сүйлөшүүгө макулдашылган деген маалыматтын жалган экенин айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.

«Жыйырма мамлекетти караган фонддун аймактык менеджери чогулуш башталганда «эч ким келбесе, мамлекеттин кызыкчылыгы бул акчага жок экен, артыңардан жүрбөйбүз, керек болбосо сүйлөшүүлөрдү токтотолу» деди. Ошондон кийин биз ызылдап баштадык. Анан Саламаттык сактоо министрлигине, администрацияга чала баштадык. «Фейсбукка» да чыгардым. Ошондон кийин гана кечке жуук министрлик кат жиберди. Бул жалган сөз. Башынан эле онлайн эмес, баары барышы керек болучу. Баарына билет алдын ала алынган».

Медицина тармагы боюнча адис Базарбай Гапаров бүгүнкү күндө Глобалдык фонд БУУнун Өнүктүрүү программасы аркылуу бул гранттарды Кыргызстанга бөлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, эгер Кыргызстан мындай долбоордон баш тартса, анда кургак учуктан, СПИДден каза болгондор көбөйүп кетет.

Ал гранттык долбоорлор Кыргызстанга керек экенин кошумчалады.

«Биз андан баш тарта албайбыз. Кыргызстанга өтө керек. Кандай жол менен болсо да, алышы керек. Ага байланыштуу «Булар өздөрүнүн дарыларына көндүрүп коюшат, кийин бизге сата баштайт» деген көз караштар айтылып келет. Ал — туура эмес маалымат. Биз дарыларды илимий изилдөөдөн өткөрө албайбыз. Даяр долбоор, даяр изилдөө, ошону пайдалана берсек болот. Ал долбоор болбосо, биздин бейтаптар дарысы жок кырылып калышы мүмкүн».

Кыргызстандын статистикалык маалыматтарына караганда, 2021-жылы өлкөдө 3825 адам кургак учук оорусу менен катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылга караганда 200 адамга көп болгон. Өлкөдө  кургак учукка кабылгандардын 70%ы — жаштар.

Ал эми ВИЧ-СПИД менен 2022-жылдын он айында 819 бейтап катталса, анын 710у жыныстык катнаш учурунда жуккан. ВИЧ статусун алып жүргөндөрдүн 62,9%ы — эркектер.

Copyright © 2017 Maral FM