Биз менен байланышыңыз

ТИМ Литва-Беларусь чек арасындагы тыгын боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 251 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларустун чек арасында жарандардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу боюнча комментарий берди.

Мекемеден билдиришкендей, Литванын тышкы саясий ведомствосунун маалыматы боюнча, азыркы учурда улуттук коопсуздукту күчөтүү максатындагы маселелерге байланыштуу чек арада убактылуу жүк ташуучу унааларды бардык тармактарга өтүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Ошол эле учурда Литванын тиешелүү кызматтарынын маалыматына ылайык, азыркы учурда чек арадан жүк ташуучу автоунаалардын өткөрүлгөн саны жогорулаганы белгиленип, Каменный Лог-Медниникай пункту бүгүнкү күндө 20га жакын жүк ташуучу унааны бир суткада өткөрүүдө.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин маалыматына ылайык, азыркы учурда Литва-Беларусь чек арасында Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгы байкалууда. Элчилик тарабынан аталган жагдай көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Литванын чек арасында 90дой кыргызстандык жана 70 жүк ташуучу унаа тыгында калганы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM