Биз менен байланышыңыз

Футболчу Бекназ Алмазбеков «Галатасарай» менен расмий келишимге кол койду

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 262 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын «Галатасарай» клубунун негизги курамына кабыл алынды. Бул маалымат аталган клубдун Инстаграм баракчасында жарыяланды.

«Галатасарай» футбол клубунун расмий билдирүүсүндө: «Академиябыздын футболчусу Бекназ Алмазбеков менен 2025-2026-жылдын сезонунун аягына чейин жарактуу болгон профессионалдуу келишимге кол коюлду», — деп айтылды.

Бекназ Алмазбеков 18 жашта, ушул жылдын февраль айынан баштап «Галатасарай» клубунун негизги курамында машыга баштаган. Клубдун жаштар командасында 2019-жылдан бери ойноп келет. «Галатасарайдын» футбол академиясын аяктаган.

«Галатасарай» футболдук клубунун түптөлгөнүнө 100 жылдан ашты. Ал — Түркия Суперлигасындагы алдыңкы клубдардын бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM