Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Ирандын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 344 | 0

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ирандын президенти товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү төмөндүгүн белгилеп, аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү керектигин айтты.

Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу демилгесин колдоп, логистика маселесин чечүү зарылдыгын, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул долбоор соода-экономикалык жактан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мындан тышкары кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, комиссиянын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM