Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын түштүгүндө «кытай шаарчасы» курулабы?

Экономика | 18 Сен 2023 | 519 | 0

Ош шаарында Евразия логистикалык-индустриалдык паркын куруу пландалууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, логистикалык борборду Кытай инвесторлору салып, курулушка 318 млн доллар жумшалат. Евразия соода шаары бир нече адистештирилген товардык-соода аймактарын, ошондой эле конференц-көргөзмө борборун, логистикалык паркты жана авиа жүк борборун камтый турганы болжолдонууда. Адистер өлкөгө логистикалык борбор керек экенин, бул ата мекендик өндүрүштүү сыртка эскпорттоого жол ачарын белгилешти. Логистикалык паркты курууда эмнелерди эске алуу керек? Кандай кооптонуулар бар?

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча Кытай Соода палатасынын төрагасынын орун басары Люй Ян баштаган өкүлчүлүк менен жолугушту.

Кызматташтыктын келечегин талкуулоодо тараптар бир катар долбоорлорду, анын ичинде Кыргызстанга Евразия соода шаарын курууну карашты.

Евразия соода шаары бир нече адистештирилген товардык-соода зоналарын, ошондой эле конференц-көргөзмө борборун, логистикалык паркты жана авиа жүк борборун камтый турганы болжолдонууда.

Пландалган курулуш аянты 3 млн чарчы метрди түзүп, жалпы инвестиция 277 млн долларга бааланган.

Экономист Эрлан Камалов логистикалык-индустриалдык борборду куруу азыркы дүйнөлүк экономикалык трендге айланганын белгиледи.

Анын айтымында, дүйнөдө бир да мамлекет башка өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташууну жасабай туруп, өнүгө албайт. Кыргызстанда ансыз да логистика жаатында бир топ көйгөй бар.

«Бул — жакшы долбоор. Аны колдоо керек. Даяр продукцияны акыркы керектөөчүлөргө жеткирүүдө чоң көйгөйлөр пайда болот. Эгер биз Кытайдан кандайдыр бир товарды импорт кылгыбыз келсе, же өзүбүздүн товарды экспорт кылууну көздөй турган болсок, сөзсүз эки тарап мунасага келип, ортолуктан соода-логистикалык борборлорду, терминалдарды куруу талапка ылайык нерсе. Себеби ал жерде көптөгөн процедуралар ишке ашат. Өндүрүштүн сапатын текшерүү, сорттоо, кайсы мамлекетке экспорт кылып жатсак, ошол жактын мамлекеттик жана эл аралык стандарттарына жараша товарларды тандап өткөрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт».

Мындан тышкары Ош шаарында Евразия логистикалык-индустриалдык паркын куруу боюнча пландар макулдашылган. Парктын аянты эки чарчы километрди түзүп, аны ишке ашырууга 41 млн доллар инвестиция жумшалат.

Соода-өнөр жай палатасы билдиргендей, бул курулуш «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун ишке киргизүүнү эске алуу менен өзгөчө актуалдуулукка ээ болуп, Оштогу логистикалык экономиканы өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүк түзөт.

Дагы бир экономист Искендер Шаршеев логистикалык борбордун курулушу эл аралык сооданы жандандырууга түрткү берерин айтат.

Ал эки тараптуу келишимди түзүүдө эмнелерди эске алуу керектигине, ошондой эле Кыргызстан үчүн кандай тобокелчиликтер бар экенине токтолду.

«Негизи логистикалык борборлор керек. Келишимдерди кароо керек. Анын ичинде суверендик укукка сыйлуу болуу керек. Карыз катары эмес, инвестиция катары болушу керек. Ага болгон кепилдиктерди, тобокелдиктерди инвесторлор өзүнө алышы керек. Бул экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Эгер келишимде «карыз болуп, иш жүрбөй калса, Кыргызстан өзү төлөйт» деген пункттар болсо, анда кооптонуулар бар. Эгер андай эмес болсо, коопсуз, пайдалуу».

Талдоочу, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев логистикалык парктын түзүлүшү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилени илгерилетүүгө жардам берет деген ойдо.

Жороев долбоор коопсуз жана пайдалуу болушу үчүн анын жол-жобосун дыкат иштеп чыгуу керектигин айтты.

«Кыргызстан чектеш болуп турган, бизге жакындан таанылып турган Кытай мамлекети менен сөзсүз мамиле курабыз. Бул алака натыйжалуу, коопсуз жана пайдалуу болушу үчүн биринчиден, башталып жаткан иштердин, биргелешкен ишканалардын жол-жоболору кандай болот, алардын катышуусу кандай болот, ошол жагын карап чыгуу керек. Мындан сырткары кандай негизде, кандай иштерди алып барууга багытталып курулары боюнча так сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Алардан коркуп, обочолонуп, терс карап туруп алуу мүмкүн эмес. Азыр мамлекеттердин баары Кытайдан өзүнүн кешигин алып калып жаткан кези».

Буга чейин да Кыргызстан менен Казакстан «Ак-Тилек-автожол» жана «Карасу» чек ара постторунун аймагына биргелешкен өндүрүштүк соода-логистикалык комплексин куруу тууралуу сүйлөшкөн. Бул жааттагы документке Астанада өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангари кол койгон.

Аталган соода-логистикалык комплексин курууда өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү, жаңы жумуш орундарын түзүү, этти, айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү, жаңы технологияларды тартуу жана башкалар кирет.

Copyright © 2017 Maral FM