Биз менен байланышыңыз

19-сентябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 18 Сен 2023 | 567 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрга караган  түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM