Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.