Биз менен байланышыңыз

Жапаров БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөйт

Кыска кабар | 18 Сен 2023 | 262 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

18-сентябрда Жапаров БУУнун саммитине – туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

21-сентябрда президент АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM