Биз менен байланышыңыз

Байден Борбор Азия президенттери менен эмнени талкуулай турганы айтылды

Кыска кабар | 17 Сен 2023 | 648 | 0

Вашингтон 19-20-сентябрь күндөрү Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин күтүп жатат.

АКШ президенти Жо Байден келе жаткан жумада Борбор Азия президенттери менен саммит өткөрөт. Бул тууралуу Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.

Салливандын айтымында, Байден менен жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарынын президенттери катышат. Алардын саммитке барары дипломатиялык каналдар аркылуу тастыкталган.

Байдендин кеңешчиси саммитте чөлкөмдөгү коопсуздуктан тартып соода, климаттын өзгөрүүсү жана башкарууну жакшыртуу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча жасалып жаткан реформалар тууралуу талкууланарын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM