Биз менен байланышыңыз

Каргашага бир жыл: Кайра оңдолгон айылдарда жашоо кандай уланууда?

Коом | 15 Сен 2023 | 418 | 0

2022-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрына чейин Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу калабада бир нече адам көз жумуп, бир катар коомдук имараттар, турак үйлөр тажиктер тарабынан талкаланып, өрттөлгөн. Учурда турак үйлөр кайра салынып бүтүп, коомдук имараттардын курулушу толук аяктоо алдында турат. Кайра тургузулган айылдарда жашоо кандай уланууда? Бир жыл мурун үйүнөн качууга аргасыз болгон элдин абалы учурда кандай? Бул суроолорго жооп алуу максатында Баткен облусунун тургундарына суроо салдык. 

Тажикстанга чектеш жайгашкан Лейлек районундагы Интернационал айылынын тургуну Рахима Рустамованын үйү 2021-жылдын апрель айында болгон чек ара жаңжалында да өрттөнүп кеткен. Калыбына келтирип, жашап жатышканда былтыр сентябрда экинчи жолу кайрадан өрткө кабылган. Ал учурда Бишкек шаарындагы туугандары менен бирге турат. Экинчи жолу өрттөлгөндө жүрөгү кармап калган. Азыркы тапта оорусу менен алышып, жакшы боло албай жүрөт.

«Үйүбүз эки жолу күйүп кеткенден улам жүрөк оорулуу болуп калдым. Былтыркы окуядан кийин «дарыгерлердин көзөмөлүндө болом» деп, Бишкекке келе бергем. Жолдошум айылда калган. Жазында үйүбүз бүттү, бирок ичи бош бойдон турат. Чек арада жашагандыктан аскерлер көбүрөөк чогулуп калса эле, же кандайдыр бир ызы-чуу болсо эле жүрөк шуулдап, коркуп отуруп калам. Интернационалда жашап көнүп калыптырбыз, бул жакка көнө албай кеткибиз келип турат, кыздар да: «Качан кетебиз?» — деп ыйлап жатышат».

Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну Шамшидин Жарматовдун үйү да сентябрь коогалаңында өрттөлгөн. Айыл эли кайра көчүп келишкени менен кооптонуу дале бар экенин айтат ал.

«Чек арада жашаганыбызга байланыштуу арадан бир жыл өтсө да, жүрөктө баары бир тынчсыздануу, кооптонуу бар. Былтыркы коогалаңда үйүбүз толугу менен күйүп кеткен болчу, мамлекет куруп берди. Азыркы учурда үйдө жалгыз жашап жатам. Балдарым, келинчегим баары Бишкекке кеткен. Келинчегим катуу стресс болгон эле, ошол жакта дарыланып жүрөт. Азыр биздин айылга баары келген, жашоо өз нугунда өтүп жатат»

Саара Бегимкулова — Достук айылыны тургуну. Ал бир жылдан бери Бишкек шаарында баш калкалап, №47 лицейде күн кечирип келет. Үйүн кошунасына эле таштап келген Саара айлына чек ара маселеси чечилип, зым тартылганда гана барарын айтты.

«Азыркы учурда Байтик баатыр айылындагы №47 лицейде жашап жатабыз. Айылга барып, бир айдан ашуун убакыт туруп келдик. Баары бир коркуу сезим болуп, тынчсыздана берет экенсиң. Ошол себептен кайра Бишкекке келе бердик. Айылга качан гана зым тартылып, чек ара бекем болгондо барабыз. Биз бул жерде беш үй-бүлө жашап жатабыз, мектеп курагындагы балдары барларга кыйын болду. Бир үй-бүлөнүн үч баласы былтыр келгенибизден бери мектепке бара элек. Айрымдары ар кимдин үйүндө жашап, мектепте окуп жатат. Ошондой эле жумуш табуу да кыйын болууда».

Интернационал айылынын дагы бир тургуну Айинса Алдакулованын айтымында, айыл  элинин көпчүлүгү тынчтык издеп, башка аймактарга көчүп кетишкен. Айыл бош, тунжурап турат. Тажикстан аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусу көбүнчө өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип, азыркыга дейре коркуп турушат.

«Бир жылдан бери коркуу менен жашап, таң атырып келебиз. Интернационал айылынын 70, 80%га жакыны үйүн сатып, башка жакка көчүп кетишти, айрымдары жөн эле үйүн жаап кетишти. Көпчүлүгү ошол каргаша болгон күнү качкан бойдон келишкен жок. Жаш баладан баштап, чоң адамдарга чейин баары жүрөк оору болуп калды, дагы деле стресстен чыга албай жүрөбүз. Ким эле ошол күндү сүйлөсө, көзүбүзгө жаш алабыз. Неберелерибиз да коркуп калды, мектепке баратып кооптонушат. «Дагы болуп кетсе кандай кылабыз, кайда, кантип качабыз?» деп чуркурап турушат. Күн күркүрөсө да, балдар катуу ойносо да, жүрөк титиреп кетет».

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган.

Ал эми 2022-жылы 14-17-сентябрдагы согушта Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган.  Жаңжалда бир катар турак үйлөр, коомдук имараттар өрттөлүп, жарактан чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM