Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо кыйла жеңилдеди

Ден соолук , Коом | 15 Сен 2023 | 1878 | 0

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору «Тез жардам кардиология» программасын ишке киргизди. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан бейтаптарга жеткиликтүү, сапаттуу, ыкчам жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Программанын алкагында check-up кызматы да бар. Ал аркылуу борборго кайрылган жарандар акысыз кан басымын, кандагы канттын көрсөткүчүн жана башкаларды аныктай алышат. Кызматтын артыкчылыгы: анализдердин жыйынтыгы кыска убакытта чыгат. Ошондой эле борбор жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган бейтаптарды жаңы технологиялык ыкмалар менен дарылоодо.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө каза болгондордун 52,3%ын, тагыраагы, жарымынан көбүн жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар түздү. Орто эсеп менен алганда жылына 20 миңден ашык адам, ал эми күн сайын 60ка жакын адам ушул оорудан көз жумат.

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана бейтаптарга сапаттуу, жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн Улуттук кардиология жана терапия борбору бир топ иштерди аткарып жатканын борбордун директору Талант Сооронбаев айтты.

Өлкөдө 5 жылдык «Тез жардам кардиология» программасы ишке кирип, медицинага керектүү бир катар стратегиялар камтылды. Анын айтымында, ар бир стратегия эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан.

«Эң биринчиси, алдын алуу стратегиясы. Аны ишке ашыруу үчүн эл аралык тажрыйбаларды, кеңештерди эске алуу менен check-up модуль деген программаны ишке киргизип жатабыз. Аталган программа аркылуу жарандар жыл сайын ден соолугунун 8 көрсөткүчүн текшерип турушу керек. Мисалы, тамеки чегүү, кыймыл-аракет, салмагын, кан басымын, канттын деңгээлин, холестеринди, ошондой эле уйкуну да текшерсе болот».

Сооронбаев жогоруда аталган 8 ден соолук көрсөткүчүн убагында текшерип туруу бейтаптардын жана өлүм учурларынын санын азайтууга жардам берерин белгиледи.

Бүгүнкү күндө бул программаны өлкө боюнча жайылтуу иштери жүргүзүлө баштады.

Муну менен катар жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластерин да түзүү программага киргизилген. Анын негизинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын курч түрү менен ооругандарга тез жардам көрсөтүүгө мүмкүн болот.

«Биздин Улуттук кардиология жана терапия борбору улуттук эксперттик борбор катары негизги жүрөк-кан тамыр кластери болот. Ал үчүн азыркы учурда Дүйнөлүк банктын жардамы менен иштер башталды. Эки «КатЛаб» түзүлөт. Андан тышкары инвесторлордун жардамы менен өзүнчө толук цикл жардам берүү кластерин да түзүп жатабыз. Ошондо ар бир курч оору менен ооруп калгандар, мисалы инфаркт сыяктуу ооруларга туш болгондор биздин борбордон тез, сапаттуу, жеткиликтүү жардам алууга мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мындан сырткары бул «КатЛабдарды» аймактарга жайылтуу да пландалууда».

Кардиология борборунун директору мындан сырткары жүрөк-кан тамыр ооруларынын курч түрлөрүнө чалдыккан бейтаптарга акысыз стенд коюу пландалып жатканын айтат.

Ал Кыргызстанда бул дарттан жабыркагандардын саны өсө баштаганын, айрыкча жаштар арасында да өлүм учурлары көп катталып жатканын белгиледи.

Мындан сырткары жаңы ишке кирген программанын алкагында жылына 55 миң адамды жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактап калуу, башкача айтканда, өлүм көрсөткүчүн 25 пайызга азайтуу максаты коюлганын кошумчалады.

«Бизге жардам беребиз деген өнөктөштөр бар. Негизгиси, Саламаттык сактоо министрлиги, Министрлер кабинети, Президент өзү колдоп жатат. Анткени элдин ден соолугу чың болушу керек, ар бир жаран сапаттуу жана жеткиликтүү жардам алышы керек. Бул — биз үчүн аябай маанилүү. Курч инфаркт менен ооруп калгандарга бекер стенд коюу максатыбыз бар. Төлөнсө да, колунан келе турган акчаны бере ала тургандай кылабыз. Жакында бекер стенддерди коё баштайбыз».

Расмий маалыматтарга таянсак, 2020-жылы бул илдеттен 40 миңге жакын адам каза болсо, алардын 20 миңден ашыгы инсульт жана инфаркт сыяктуу оорулардан көз жумган.

Өлкө жүрөк-кан-тамыр ооруларынан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда турат.

Жыл сайын 29-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет. Саламаттык сактоо министрлиги да бул күнгө карата өлкөдө бир катар иш-чараларды уюштурат.

Дүйнөдө 100дөн ашык өлкө бул демилгеге кошулган. Анын максаты: калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, эрте аныктоо жана дарылоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

Copyright © 2017 Maral FM