Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Жыл сайын суу аз болуп, муктаждык көбөйүп баратат

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөп, энергетика, суу, жашыл экономика маселелерин көтөрдү.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, суу ресурстарын пайдалануу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу маселелери барган сайын маанилүү болуп баратканын белгиледи.

«Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча, айрыкча биздин аймакта климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири барган сайын күч алууда: адаттан тыш суук, өзгөчө кырдаалдар, узакка созулган кургакчылык жана суунун аздыгы. Натыйжада, кышында Кыргызстанда жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө катуу сууктан электр энергиясын керектөө кескин өстү, ал эми жайкысын кургакчылыктан жана суунун аздыгынан улам бардык жерде суу тартыштыгы жаралды. Менин оюмча, жыл сайын суу аз болуп, ага болгон муктаждык көбөйүп баратканы баарына айкын болуп калды», — деди президент Жапаров.

Садыр Жапаров Кыргызстан татаал жаратылыш-климаттык шарттарга, суунун аздыгынан өлкөнүн суу чарба жана гидротехникалык жайларына келтирилген зыянга карабастан, суу ресурстары боюнча өзүнүн мамлекеттер аралык милдеттенмелерин жоопкерчилик менен толук өлчөмдө аткарып келгенин белгиледи.

Өлкө башчы сууга болгон мамилени толук өзгөртүү зарылдыгын айтып, Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биринчи кезекте өлкөлөрдүн суу жана суу-энергетикалык секторлоруна мамлекеттик да, жеке да масштабдуу да капиталдык салымдарды тартуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнү сунуштады.

«Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы 1998-жылдагы Нарын-Сыр-Дарыя дарыясынын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жандантып, ишти баштоону сунуштайм, анда суу жана энергетикалык ресурстарды тең салмактуу алмашуу каралган. Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык спектри боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», — деди Жапаров.

Борбор Азия саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мейман катары чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM