Биз менен байланышыңыз

УКМК: Июнь окуясына байланыштуу бир катар адамдар кармалды

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 505 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2010-жылдын июнь айында массалык башаламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурууга шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалганын кабарлады.

Алар Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т.

Кармалган жарандар Сузактагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык башаламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган.

Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталганы айтылды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызмат 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM