Биз менен байланышыңыз

Баткендин Зардалы айылына тез жардам унаасы берилди

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 82 | 0

Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алыскы аймактарда калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн президенттик фонддон саламаттык сактоо уюмдарына берилген 20 тез жардам унааларынын бири Баткен облусунан 100 чакырым алыстыкта жайгашып, 230 адам жашаган шарты катаал айыл Зардалы айылына бөлүндү.

Буга чейин аталган айылда фельдшердик-акушердик пункттан башка медициналык кызмат жок болуп, айыл тургундары катуу ооруп калган учурда облустук борборго тик учак менен гана барууга мүмкүн болгон.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Зардалыга болгон сапарында жергиликтүү тургундар айылга тез жардам унаасын берүүнү суранып, аны менен катар жол салуу маселесин көтөрүшкөн. Президент жеринде тапшырма берип, Зардалыга жол салынуу тапшырмасы коюлуп, курулуш иштери жазында башталары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM