Биз менен байланышыңыз

Соттун имаратынын алдына Мадумаровдун тарапташтары чогулду (видео)

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 388 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карайт.

Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жазылган.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, соттун имаратынын алдына Адахан Мадумаровдун боштондукка чыгышын талап кылган жарандар топтолду. Ишти кароо жабык өтүп, журналисттер киргизилбей жатат.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM