Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 136 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтордун жана террордук уюмдардын ишине бөгөт коюу үчүн жүргүзүлгөн ыкчам операциянын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылынан ок атуучу курал жана ок-дары сакталган жай табышты.

Маалыматка караганда, катылган жерден 1 револьвер тапанчасы, аңчылыкта колдонулуучу 2 кесилген мылтык, 9 мм калибрлүү 6 ок алынган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен иш козголуп, материалдар облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында иликтөө-издөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM