Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев толук акталгандыгын билдирди

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 320 | 0

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев прокуратура кызматы тарабынан козголгон жети иш боюнча тең акталды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Мен мага козголгон кылмыш иштери боюнча эч жакка кайрылбайм. Ар бир адам кылган ишине Кудай алдында жооп берет», — деди Бейшеналиев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп 7-сентябрда дайындалды.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилип, учурда аталган комитетте каралууда.

Былтыр 19-августта Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ал дароо эле Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болгон.

Copyright © 2017 Maral FM