Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Отуз жыл чыдадык, дагы үч жыл чыдап коёлу

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 221 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Фейсбук» баракчасына электр энергиясы боюнча кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө 2005-жылдан кийин экономика министри болуп турганда ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге «Камбар-Ата-2» ГЭСин куруу сунушун бергенин, анын негизинде алгачкы агрегатын куруу иштери башталганын айтып өткөн.

«Мен ошол жылдары аткаруу бийлигине аралаша баштап (ага чейин депутат гана болгом), электр тармагыбыз кризиске батып бара жатканын дароо эле көрдүм. Өзүбүз суу башында туруп, кыштын күнү электр энергияны башка өлкөлөрдөн импорттоп келип жатыппыз. Болгондо дагы, накталай акчага сатып алып жүрүппүз. Ошол үчүн мен ГЭСтерди токтоосуз куралы деген сунушумду киргизип, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин биринчи агрегаты курулуп калган. Союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болду», — деген Акылбек Жапаров.

Аны менен катар, 2020-жылга чейин мындан башка бир ГЭС курулбаганын, учурда электр энергиясын колдонуу эки эсе өскөнүн, ага карабай дале эски ГЭСтер менен отурганыбызды, электр энергиясын тыштан алып келип жатканыбызды белгилеп өткөн.

2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келгени бул көйгөйдүн үстүндө иштеп жатышканын, учурда ГЭСтерди куруу жанданганын баяндаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, 2031-жылга чейин 32 ГЭС салынып, 2 ГЭС реконструкциядан өтөт. Андан тышкары мурда башталган 3 ГЭС толук аяктап, 4 ГЭСтер каскадында жалпы 15 ГЭС курулат. Аны менен катар 15 Күндөн жана шамалдан энергия алуучу станция орнотулат.

«Эми эң негизги маселеге токтолоюн. «Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула», — деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз андан саясат жасагылары келишүүдө. Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу», — деди Акылбек Жапаров.

Ал сөзүн электр энергиясын үнөмдүү колдонууга, бардык кырдаалда сабырдуу болууга чакыруу менен жыйынтыктаган.

Кайрылуунун толук текстин Акылбек Жапаровдун «Фейсбуктагы» баракчасынан окусаңыздар болот.

Copyright © 2017 Maral FM