Биз менен байланышыңыз

№26 Ленин шайлоо округундагы үгүт иштери токтотулду

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 80 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда эртең мененки саат 8:00дөн тарта Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо округунда үгүт иштери токтотулду. Бул туралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.

Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган үгүт материалдар (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга «жымжырттык күнү» үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт. Шайлоого 24 талапкер катышууда, анын 19у эркек, бешөө аял. Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM