Биз менен байланышыңыз

«УКМКнын 60 кишилик тергөө абагында 76 адам отурат»

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 390 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына текшерүү жүргүзүшкөнүн мекенин басма сөз кызматы кабарлады.

Институттун кызматкерлери камерларды текшерип, камактагылар менен аңгемелешип, бир катар кемчиликтерди аныкташкан.

Алынган маалыматка караганда, 60 адамга ылайыкташкан тергөө абагында 76 адам отурат. Ошондой эле Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №655-р буйругунда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган. Тактап айтканда, маалымат такталары илинген эмес, жашыруун каттар үчүн кутучалар коюлган эмес.

Институт кызматкерлери текшерип барган учурда абак фельдшери иш ордунда жок болгон, анын эмгек өргүүгө чыгып кеткенин айтышкан. Бул боюнча тергөө абагынын жетекчилигине кайрылышып, өргүүгө кеткен фельдшердин ордуна убактылуу бирөөнү ала турууну сунушташкан.

Андан тышкары камерада отургандар менен сүйлөшүүдө кармоо шарттары боюнча даттануу түшкөн эмес.

Мадумаров ден соолугуна байланыштуу Акыйкатчы институтуна даттанды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM