Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргыз комузу үч миң жыл мурун эле чертилген

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 182 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү комуз күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө тарыхый булактарда кыргыз комузу үч миң жыл мурда эле чертиле баштаганы айтыларын, бул аспап улуттун көркөм дөөлөтү экенин, көөнөргүс ыйык мурасы экенин белгилеп өткөн.

«Ар бир улут, ар бир эл өзүнө таандык маданият жана рух дүйнөсү аркылуу өзгөчөлөнөт эмеспи. Кыргыз кыргыз болгондон тарта үч кылдуу керемет комузу менен элибиздин арзуу-арманын, кайгы-кубанычын күүгө салып, урпактарга мурас калтырып келет. Тарыхый булактарда кыргыз комузу үч миң жыл мурун эле чертилгендиги тууралуу фактылар анын эң байыркы музыкалык аспаптардан экендигин далилдеп турат. Элдин баскан жолун, тарыхын баяндап, жеке арзуу-сүйүүсүн зор күүгө салган комузчу, күүчүлөр – калктын нагыз руханий байлыгын алып жүрүүчүлөрү», — деген Садыр Жапаров.

Аны менен катар залкар комузчулардын ысымдарын бир баштан санап өтүп, алардын күүлөрү салттуу музыканын мыкты үлгүлөрү экенине токтолгон. Учурда комуз күүсү чоң концерттик сахналарда жаңырып, оркестр аркылуу дүйнө жүзүнө тараганын баяндаган.

«Түшүнгөнгө комуз күүсүнүн мукам үнү тээ байыркы ата-бабаларыбыздын турмуш жолун, жашоо көчүн көз алдыңа элестетип, дил уюткубуздун түпкүрүн сездирет. Илгери комуз үнү ар бир кыргыздын боз үйүндө жаңырып турса, ал эми жыйырманчы жылдары ал чоң концерттик сахналарда шаңшый баштады. Самара Токтакунова, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов, Намазбек Уралиев сындуу комузчуларыбыздын жаратмандыгы жана чеберчилиги, Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов, Чалагыз Исабаевдей залкарлардын аракетинин арты менен комуз оркестрге түшүрүлүп дүйнө жүзүнө таралды.

Жалпы кыргыз элин, маданият жана искусство ишмерлерин, комузчу-күүчүлөрдү дагы бир жолу улуттун үнү, кайрыгы болгон Комуз майрамы менен куттуктаймын. Кыргыз барда кыргыз кайрыктары түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп, улуу журттун рух дүйнөсүн ааламга жар салып, уул-кыздарыбыз доордон-доорго, кылымдан-кылымга үч кыл комузда кол ойното берерине терең ишенем», — деген мамлекет башчысы.

9-сентябрь — Комуз күнү ошол кездеги мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 24-июлунда кол койгон №96 «Комуз күнү жөнүндө» жарлыгынын негизинде белгилене баштаган. Быйылкы иш-чара «күү атасы» атыккан Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналып, майрамдык салтанат бүгүн, 9-сентябрда саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM