Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 624 автобус алынып келинет

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 173 | 0

Бишкекке ушул жылдын аягына чейин дагы 624 автобус алынып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 500 автобус республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, 124ү Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алынып келинет.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Бишкек мэриясы кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd. компаниясынан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстанга автобустардын биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Азыркы учурда 300гө жакын автобус алынып келинди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM