Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддо жарым млрд сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 836 | 0

Социалдык фонддун 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 536,8 млн сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде бюджеттин резервдери жана жоготуулары, натыйжасыз пайдаланылган каражаттар аныкталды.

Жогоруда айтылган сумманын 351,5 млн сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 349,4 млн сом кайтарылган.

Анын ичинен:

  • республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттар боюнча 349,4 млн. сом, ордуна коюлган;
  • тастыктоочу документтерсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдар боюнча 14,7 миң сом, ордуна коюлду;
  • республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттардын калдыгына күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздар түрүндө алынган 2,1 млн. сом киреше ордуна коюлган эмес.

Эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 8,1 млн. сом, анын ичинен:

  • кызмат ордуна тийиштүү тартипте аттестация жүргүзбөй туруп төлөнгөн зыяндуулук үчүн төлөмдөр 2,7 млн. сом;
  • кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү каржылык бузуулар 5,4 млн. сом;
  • республикалык бюджеттен каржыланган каражаттарды пайдаланууда «Банктык тейлөө төлөмдөрү» беренесине тиешелүү болгон пенсия жана жөлөк пулдарды жеткирүүгө «Кыргыз почтасы» МИ жана коммерциялык банктарга төлөнгөн чыгымдар өзүнчө каралбастан 177,0 млн. сомго «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM