Биз менен байланышыңыз

Быйыл Элдик курултайга 700 делегат катышат

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 474 | 0

Элдик Курултай ушул жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет. Бул тууралуу 7-сентябрда Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Президент «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ушул жылдын 29-августунда жарлыкка кол койгон.

Алгачкы отурумга уюштуруу комитетинин курамына кирген Президенттин администрациясынын кызматкерлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында Элдик Курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бул багытта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн негизги милдети «саясатка аралашуу» эмес, «уюштуруп өткөрүү» экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM