Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Кечээ, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров Темиралиевди Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошоткон.
Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 2022-жылдын сентябрь айынан бери иштеген.