Марал Радиосу

Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагына башчы болду

Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кечээ, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров Темиралиевди Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошоткон.

Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 2022-жылдын сентябрь айынан бери иштеген.

Exit mobile version