Биз менен байланышыңыз

Ошто мөмө-жемиш сактаган ири муздаткыч кампа ачылды

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 390 | 0

Ош облусунда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтү тарабынан жабдылган жаңы муздаткыч кампа ачылды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

USAID жергиликтүү бизнес «Эко Азык» ЖЧКсы менен өнөктөштүктө Ош облусунун Жапалак айылындагы муздаткычка 6,910 миллион сомдук жабдууларды алып берди. Жаңы жабдуулар менен мекеме 300 тоннага чейинки мөмө-жемишти ички жана эл аралык базарларга сактай алат. Дыйкандарга жана кызматкерлерге экономикалык пайда алып келүүдөн тышкары ишкана мөмө-жемишти сактоо мөөнөтүн узартат, ошону менен азык-түлүктөр вегетация мезгилинен көп өтпөй, кыргызстандык үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болот.

USAID өзүнүн «Агросоода» долбоору аркылуу 2018-жылдан бери Кыргызстандын түштүк аймагында 20 жаңы муздаткыч кампаны ачуу жаатында кыргыз фирмалары менен өнөктөштүктө болуп келет. Жалпы сыйымдуулугу 12 миң тоннага жеткен бул жайлар аймактагы муздаткыч кампаларынын кубаттуулугун бир нече эсеге кеңейтет. Тамак-аштын бузулушун 40% азайтуу жана 4 миңден ашуун дыйканга киреше алып келүүчү жаңы иш-аракеттерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM