Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев: Алты айда баарын өзгөртүп салуу мүмкүн эмес

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 295 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда кызматтан алынган билим берүү министри Каныбек Иманалиев эмгек жамааты менен коштошту.

Ал министрликтин эмгек жамааты менен коштошуп жатып, ага ишеним көргөзгөндөргө ыраазычылык билдирди.

«Билим берүү тармагындагы абал өтө оор. Алты айда баарын өзгөртүп салуу мүмкүн эмес. Мен сиздерден убада алгым келет. Биз баштаган иштерди уланткыла. Мына бир миллиондон ашык китепти басып чыгарабыз деп турат элек. Муну аягына чыгаруу зарыл», — деди.

Ошондой эле ал ЖРТнын орточо баллы быйыл 3 баллга жогорулаганын, кийинки жылы да көтөрүү пландалганын, ЖРТнын суроолорун оңдоону улантууну жана ким министр болуп келсе да, 2025-жылда боло турган PISA сынагына даярдыкты токтотпоо зарылдыгын кошумчалап өткөн.

Министр Иманалиевге эмгек жамааты калпак кийгизип узаткан.

Copyright © 2017 Maral FM