Биз менен байланышыңыз

Экс-чиновник Президенттин жардамчысын коркутууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 342 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору А.Д.га Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК берген маалыматка караганда, мурдагы директор «массалык маалымат каражаттарында чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратам» деп, Президенттин жардамчысын опузалап, 300 миң доллар берүүсүн талап кылган.

Атайын операциянын жүрүшүндө мурдагы директор 6-сентябрда акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагында сурак берип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарыялаган сүрөттөгү адам Данияр Акматов экени аныкталды.

Ал 2020-жылдын 22-октябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине директор болуп дайындалып, 2021-жылдын январь айында кызматынан кеткен.

Акыркы убактарда социалдык тармактар аркылуу бийликтин чечимдерин сынга алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM