Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот «Тансу» ишканасындагы чыр боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 228 | 0

Жогорку Сот 4-сентябрда айрым ЖМКларда чыккан «Тансу» ишканасына байланышкан сот иштери боюнча түшүндүрмө берди.

Анда «Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен Тахиров З. арызынын негизинде «Тансу» ЖЧКсынын башкаруусунан Билал А. жана Билал М. чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган. Бул териштирүү 2023-жылдын 24-февралында Бишкек шаардык сотунда жана 25-июлда Жогорку Сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган», — деп айтылат.

Жогорку Сот төмөнкү шарттарды эске алуу менен чечим чыгарган:

«Соттук иштеги материалдарды 2020-жылдын 26-июнунда жоопкер Билал Ахмеддин уулу Билал Дениз тарабынан жаңы аталыштагы «ТАНСУ Индастриал» ЖЧКсы негизделген. Жаңы негизделген «ТАНСУ Индастриал» ишканасынын ишмердиги «Тансу» ЖЧКсы менен окшош болгонун Билал Ахмед сотто өзү да тастыктаган.

«ТАНСУ Индастриал» түптөлгөндөн кийин «Тансу» ЖЧКсы өндүргөн товарлардын көп бөлүгү ушул ишкана аркылуу сатыла баштаган. Ошондой эле «ТАНСУ Индастриал» тарабынан «Тансу» ЖЧКсынын кыймылсыз мүлк (жер жана имарат) түрүндөгү активдерин өз баасынан бир канча эсе арзан сатуу фактылары катталган. Бул эксперттердин корутундусу менен тастыкталган. Тактап айтканда, 100 миң АКШ долларына бааланган кыймылсыз мүлктүн 2023-жылдагы баасы 523 237 АКШ долларын түзгөн.

Мына ушул факты дагы башка эки баалоо органы тарабынан сотторго далил катары сунулган.

Бул жагдай «Тансу» ЖЧКсынын жана ээлеринин кызыкчылыктарына жана мүлк укугуна зыян келтирген. Ошондой эле соттук териштирүүдө «Тансу» ЖЧКсынын 6 автоунаасы да 100 миң сомго сатылганы аныкталган. Тактап айтканда, баасы 18 эсе аз көрсөтүлгөн.

Мунун баарын Жогорку Сотто Билал Ахмед өзү тастыктап, мындай аракеттер «Тансу» ЖЧКсынын дагы бир ээси Тахиров З.нын кыянаттыгынан сактоо үчүн болгонун айткан. Бирок сотко Тахиров З. тарабынан болгон коркунучтар тууралуу далилдөөчү фактылар келтирилген эмес».

Буга чейин ишкер Билал Ахмед ЖМКларга кайрылып, Кыргызстандагы ири өндүрүш ишканасы рейдерлик жол менен тартылып алынганы тууралуу баяндап берген. Материалдын толугу төмөндө тиркелген:

Кыргызстандагы ири өнөр жайды басып алууну көздөгөндөр кимдер?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM