Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы ири өнөр жайды басып алууну көздөгөндөр кимдер?

Блог , Экономика | 4 Сен 2023 | 528 | 0

Ири ишкананы басып алууну көздөгөн «басмачылар» кимдер?

Тээ 1990-жылдардагы рейдердик басып алуу кайрадан кайтып келдиби? Баарын башынан куруп, ири өнөр жай гигантына айландырган ишкананын ээсин кимдер тоноп жатат? Ишкана курулгандан он жылдан соң гана кошулуп, компанияда  25% гана үлүшү бар адам көнүмүш көрүнүшкө айланган каралар же качоктор эмес, сот кызматкерлери менен биргеликте компанияны толук тоноп жатканы кызык. Болбосо мамлекет башчысы инвестор жана өндүрүшчүлөрдү ар тараптуу коргоо талабын койбоду беле?

Басмачылык жол менен барандуу өнөр жайды тартып алган опурталдуу окуяны баяндайбыз.

Немис гиганты BOSCH менен тең тайлашкан кыргыз заводу

1995-жылы кыргызстандык бизнесмен Ахмед Билал Жамал Генчем аттуу түрк инвестору менен биргеликте жылытуу шаймандарын өндүрүүчү ишкана ачып, аны «Тансу» аташат.

Сүрөттө: Ахмед Билал (солдо) жана Жамал Генч

«Башында сырттан жылытуучу шайман ташып жүргөндө,  кийин Кыргызстан өзү дал ушундай өндүрүш чыгарат, Кыргызстанда мындай заводду мен ачам деген максат койгом», — дейт Ахмед Билал.

Башында анча чоң эмес ресурс менен ачып, улам кеңейип, жеке аракетинин аркасында жаңы технологиялар менен толуктай алган. Отуз жылда чакан ишкана КМШ өлкөлөрүнө кулачын жайган ири гигантка айланган. Европалык конструкциядагы буу түтүктүү жана жылытуу казандарын өндүрүүчү катары «Тансу» жалпыга жакшы таанымал.

Сүрөт: Ахмед Билал заводдо өндүрүлгөн жылытуучу казандын жанында

«Бул кыялым эле, ал үчүн көп тоскоолдуктардан өттүм. Өндүрүштө айтылуу Фокин Юрий Александрович өңдүү советтик окумуштуулар иштеди. Германия, Италиядан профессорлор келди. Биздин кызматкерлерди Түркияга жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн жөнөттүм. Бизден чыккан товардын биринчи партиясын Новосибирскке саттык, — деп эскерет Ахмед Билал. — Бүгүнкү күндө Санкт-Петербургдан Камчаткага чейин өнөр жайлардын бир тобунда MADE IN KYRGYZSTAN деп биздин жылытуучу казандарыбыз турат».

Сүрөт: Ахмед Билал Новосибирскте көргөзмөдө

Азыр «ТАНСУ» — сапаттын жана ишенимдин символу, чет мамлекеттердеги ири уюмдарга экспорттоочу. Товарлардын 95%ы чет өлкөлөргө экспорттолот.

Бүгүнкү күндө «Тансу» менен тең тайлаша алган, ага атаандаш боло турган ишкана бүтүн КМШ боюнча жокко эсе. Сапат жагынан Россия, Казакстан өндүү өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрү да аша албайт. Атаандашы Европа заводдору Bosch жана Viessmann жана Түркия, Италия мамлекеттериндеги айрым фирмалар. 

«Тансунун» өндүрүшүн колдонгон гигант заводдордун тизмеси таң калдырат:

  1. ​Carlsberg (Өзбекстан)
  2. ​Coca-Cola (Өзбекстан)
  3. ​Шымкент май комбинаты(Казакстан)
  4. ​Новосибирск картон-кагаз заводу (Россия)
  5. ​Шоро (Кыргызстан)
  6. ​Кублей (Казакстан)

Сүрөт: «Тансу» заводу дайыма заманбап технологияларды колдонот

«Бул — талыкпас эмгектин жыйынтыгы. Көйгөйлөргө карабастан, эл аралык көргөзмө, жарманкени калтырган жокмун. Азыр Кыргызстандан чыгарылган ТАНСУ дүйнөгө таанымал бренддердин бири», — дейт Ахмед Билал.

«Достуктан кастыкка…»

2004-жылы заводдо Тахиров Закерья аттуу инсан, Ахмед Билалдын жогорку окуу жайдан берки таанышы пайда болот.  Ахмед Билал продукцияны эл аралык рынокто жылдыруу жана өндүрүш процесстерин өркүндөтүү менен алектенген. Тахиров Закерьянын милдети өз кезегинде комбинатты материалдар менен камсыз кылуу эле. Ал эми Махмуд Билалов заводдогу бардык өндүрүштүк процесстерди уюштурган.

Сүрөт: Жашыл менен белгиленген Ахмед Билал, кызыл менен Тахиров Закерья

2004-жылга чейин үч негизги катышуучунун ортосундагы мамиле ийгиликтүү өнүгүп, өндүрүш өз жолунда эле. Эч нерседен кам санабаган, кесиптештерине ишенген Ахмед Билал үлүштөрдү бөлүштүрүүнү чечет. Мына ушундай жол менен Тахиров Закерья «Тансу» ЖЧКсынын 25%, Билалов Махмуд 20%, Ахмед Билал өзү эң чоң 55% үлүшүнө ээ болгон.

Сүрөт: шляпачан Махмуд Билалов, жанында завод кызматкери, андан соң Закерья Тахиров, кийинки атайы Түркиядан келген профессор

«Тахиров тынч, башында олку-солку окуялар деле болгон эмес. Балким кийин завод өнүккөн сайын көралбастык өңдүү сапаттар өөрчүй баштады окшойт».

Ахмед Билалдын эскерүүсүндө Тахиров 2020-жылы иш бөлмөсүнө келип, түшүнүксүз, эч кандай жумушка тиешеси жок кептерди козгогон.

«Капыстан анын досторуна терс мамиле кыларымды, баарына жооп берер күн келерин айта баштады. Азыр бул жакка бир адамдар келип, мени менен маселе чечерин айтты. Мен анын бул сөздөрүнө, риторикасына, тонуна, жүрүмүнө аябай таң калдым. Ага эмне болгонун чыны менен дароо түшүнгөн жокмун. Бул фактыны биздин эки кызматкер документалдуу түрдө каттаган. Бул өңдүү чуулар кийин да уланды. Ири бизнесмендердин туугандарын, тааныш-билиштерин ээрчитип келип, өзүнүн үлүшүн аларга берип, анан алар мени менен маселе чечерин айтып коркутуп жатты. Ошондо гана рейдерлик аракети башталганын түшүндүм. Коркутуп-үркүтүү, күч үстөмдүгү менен компанияны башка адамдарга жаздыртуу аракети күчөдү».

Ахмед Билал ал учурда  үй-бүлөсүнө жана жакындарына коркутуулар болгонуна карабастан укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Бизнести сактап калуу үчүн Ахмед Билал активдердин абалын карай баштаган. Тахиров Закерья катышкан жетекчилердин жалпы чогулушунда аянты 180 чарчы метр болгон имаратты сатуу чечими кабыл алынган. Жер тилкесин жана унааларды сатуу процесси мыйзамдын бардык талабына ылайык өткөн.

«Бул компания мага жана менин туугандарыма таандык. Менин компаниям, менин заводум. Эмнеге мен аны башка чоочун адамдарга жазышым керек? Бардык келишимдеги сатуулар акционерлердин жалпы чогулушунда чечилген. Тиешелүү талаптар аткарылган».

Соттук рейдерликпи?

Активдердин бир бөлүгү жаңы компанияга өткөнүн билген Тахиров Закерья сотко кайрылган. Анын пикиринде, кеңсенин жана бир нече унаанын сатылуусу компанияга «ири зыян» алып келген, ага байланыштуу ал соттон Ахмед Билал менен анын бир тууганынан компаниянын 75% үлүшүн тартып алууну талап кылган.

Ахмед Билал алгач «Кыргыз соту өнөр жайды негиздөөчүсүнөн тартып алмак беле?» деп, олуттуу ойлонгон деле эмес. Кыргыз соту колунда 25% гана үлүшү бар адамга ири ишкананы толук тоноого жардам берет деп ким ойлоптур?

Алгач Ленин райондук соту, кийин Бишкек, анан Жогорку Сот келтирген зыяны үчүн Ахмед Билал менен Махмуд Билалды ТАНСУнун негиздөөчүлөрүнөн чыгарган. Анын үстүнө Ленин райондук сотунун өкүмүн алган Тахиров Закерья чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришин күтпөстөн, кандайдыр бир жол менен мөөнөтүнөн мурда ишкананы өзүнө каттатып алган. Ленин райондук сотунун одоно катасы бул чечимдин бир күн мурда мыйзамдуу күчүнө киришине чейин басылган мөөрү болгон.

«Биз таң калдык. Сот Калыбеков Урмат бир отурумда компаниянын 75%ын 25% гана үлүшү бар адамга берип салды. Ага себеп катары «офисти эки-үч эсе арзан саткансыңар» деген кине койду. Бул биздин жеке компания, кайсы баага сатабыз, ал биздин ички ишибиз болуп эсептелет. Жылына 20-30дай келишим түзүлөт, бир келишимдин негизинде компанияга канча зыян келтирилгенин кантип аныктай алышат? Отуз жылдык эмгегим бир соттун чечими менен чийилип ташталды», — дейт Ахмед Билал.

Сүрөт: Бир буйрук менен сот 75% үлүштү заводдун ээсинен жана 30 жылдык башчысынан тартып алууга мүмкүнчүлүк берген

Соттун мындай чечимине юристтер да таң…

«Сот өзүнө экономист, баалоочулардын милдетин алып, зыян келтирүүчү же келтирбөөчү аракет деп жеке өзү чечим чыгарып салган. Анан ушунун негизинде Ахмед Билалды 75% үлүшүнөн ажыраткан. Мындай көрүнүш менен күрөшпөсөк, мындан соң компанияда 10-15% үлүшү бар ар бир адам: «Мобул компаниянын 80-90% үлүшү бар ээси отургучту арзан сатып, компанияга зыян келтирди. Кичипейилдикке компанияны толук мага өткөрүп коюңуз», — дей баштайт. Элестетиңиз? Бул темп менен мамлекеттеги жалпы инвестициялык климатты булгап алабыз», — деди белгилүү юрист Рустам Абдурауфов.

«Завод  бөлүнүп сатылат…»

Соттун чечими жамаатта кыжырданууну жана нааразычылыктарды пайда кылды. Көптөгөн жумушчулар муну менчик укугун жана адилеттүүлүктү бузуу катары кабыл алышат. Алар Ахмедсиз завод жок болорун айтышат. Анткени ал гана бардык өндүрүштүк циклдин өзгөчөлүктөрүн, каржылык башкарууну билет. Эгерде Ахмед Билал жумуштан рейдерлик жол менен четтетилсе, анда завод бөлүк-бөлүк сатылып кетиши ыктымал. Мүмкүн бул — рейдерлердин негизги максаты.

«Бул киши өндүрүштө эч нерсени түшүнбөйт. Эмнеге бул жакка тырышып атат? – дейт заводдун кызматкери (маляр) Кенжебек уулу Нурлан таңданып. — Ахмед Билал менеджмент, каржы, өндүрүш маселелеринин баарын чечет. А Закерья келип акчасын гана алып кетет. Анын максаты: заводду жөн гана сатып жок кылуу, жамаатты жумушсуз калтырып, Кыргызстандагы өндүрүштү азайтуу. Ушул туурабы? Өлкөдө ансыз деле өндүрүш жокко эсе. Баары эми гана жанданып келатат. Ошондуктан бул адамдын (Тахиров Закерьянын) аракеттери туура эмес».

Сүрөт: Маляр Кенжебек уулу Нурландын айтымында, рейдерлердин башкы максаты: ТАНСУ заводун сатып жок кылуу

Кенжебек уулу Нурландын баянына караганда, Ахмед Билал мыкты менеджер гана эмес, жамаатына камкор жетекчи. Заводдун кайсы бир кызматкери ооруп калса, бардык төлөмдү өз мойнуна алат. Бул сапаттар Тахировдо жок, тескерисинче, кызматкерлерге мамилеси орой.

Ушул себептерден улам, заводдун кызматкерлери Тахировдун башчылыгы астында иштөөдөн баш тартышат.

«Заводдун жалпы ишин Ахмед Билал камсыздайт. Ички жана сырткы мамилелер, маселелер анын жоопкерчилигинде. Ал эми Тахиров жөн гана товар ташуучу болуп иштеген. Ахмед Билалсыз заводду элестете да албайм. Жамаат Тахиров Закерьяны жетекчи катары кабылдабайт. Эмнеге билесизби? Бул — оор өндүрүш. Тахировдун «боло берет» деген принциби менен өндүрүштө өзгөчө кырдаал башталат. Андан кийин ишенимдүү имиджибизди жоготуп, завод талкаланып жок болот», — дейт бригадир Вразовский Сергей.

Президенттен жана мыйзамдуулуктан үмүт

Акыйкаттык акырындап, мыйзамдуу жолго келе баштады. Жакында эле КР Жогорку Соту Закерья Тахировду ТАНСУнун директору кылып каттоо чечимин жокко чыгарган. Ага карата Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду. Ахмед Билал мыйзамдын үстөмдүгү орноп, 30 жылдан бери куруп жаткан имараттарга болгон укуктар кайтарылып берилерине ишенет.

«Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсү, инвестор тартуу жана өндүрүштү өркүндөтүү үчүн күнү-түнү иштейт. Бардык укук коргоо органдарына инвестиция жана жеке менчикти коргоо боюнча тапшырма берген. Бирок соттор баарын тетири кылып жатышат. Рейдерлик басып алууну мыйзамдаштырып, мени заводумдан кол жуудуруп жатышат. Мен Президент Садыр Жапаровдон, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевден бул ишти жеке көзөмөлдөрүнө алып, акыйкат жыйынтык чыгарууга жардам берүүсүн суранам», — дейт Ахмед Билал.

Сүрөт: Садыр Жапаровдун биринчи указы ишкерлерди жана инвесторлордуу коргоо боюнча болгон

«Тансунун» жамааты Президент жана башка жоопкерчиликтүү адамдардан адилет чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсүн, заводду талап-тоноодон сактап калууну суранышат.

«Биздин өнөр жай жакшы, көбүнчө экспортко иштейбиз. Заводдо чыккан чуунун башындагы адам — кыргызга душман, анткени мындай ири ишкананын өндүрүшүн токтотуу саткынчылыкка барабар. Президентке, депутаттарга кайрылам. Урматтуу, Садыр Нуркожоевич, Кыргызстанга бул заводду сактап калууга жардам бериңиздер. Россия чыгара албаган шайманды Кыргызстан чыгарып жатат. Элестете аласыздарбы? Өндүрүштүн 95%ы экспортко кетет, жамаат да мыкты. Мындай көрүнүштү колдоо гана керек», — дейт заводдун маляры Кенжебек уулу Нурлан.

Сүрөт: ТАНСУ кызматкерлери акыйкат чечим чыгарына ишенишет

Серепчилердин айтымында, рейдерликти мыйзамдаштырган сот чечимдери инвестициялардын кетишине жана «жагымсыз өлкөнүн» имиджин түзүүгө алып келет.

«Рейдерлик жолу менен тастыкталган адилетсиз сот чечимдери потенциалдуу инвесторлорго терс белги берет, — дейт экономика боюнча эксперт Төлөнбек Абдыров. — Мындай көрүнүштөр менчик укугу жана адилеттүүлүк оңой эле бузулушу мүмкүн деген ойду жаратат, бул өз кезегинде инвестициянын коопсуздугу боюнча кооптонууну жаратат. Инвесторлор туруктуу чөйрөгө инвестиция салууга умтулушат жана алар укуктук системанын адилетсиз аракеттерге дуушар болушу мүмкүн экенин көргөндө, алар тобокелдикти сезип, мындай кооптуу жагдайлардан качат. Бул аймакка инвестиция тартууга болгон кызыгуунун төмөндөшүнө жана натыйжада инвестициялардын бизден кетишине алып келет».

ТАНСУ өнөр жайы жашоо жана өнүгүү укугу үчүн күрөшүн улантууда. Бул иш бүтүндөй мамлекет, коом үчүн чоң чакырык. Анын жыйынтыгы сот системасынын күчтүүлүгүн, адилеттүүлүккө болгон аракетин сынайт. Бул ишканынын тагдыры өлкөдө өндүрүш өнүгөбү, инвесторлор келеби, экономика өргө сүрө алабы, же артка, 90-жылдардагы күч үстөмдүк кылган заманга кайтабы — баарын аныктайт.

Макаланын жана видеоматериалдын автордук укугу «Булак.кж» басылмасына таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM