Биз менен байланышыңыз

«Теңдик нуру»: 40 миңдей адамга зомбулуктан коргонууда жардам берилди

Коом | 5 Сен 2023 | 345 | 0

Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюу максатында иш алып барган «Теңдик нуру» долбоору жыйынтыкталды. Төрт жыл аралыгында долбоор зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө багытталган бир топ иштерди аткарганы маалым болду. Анын ичинде үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулукка, ошондой эле жашы жете электердин никеге туруусуна жана «ала качуу» сыяктуу кылмыштуу аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары программанын алкагында аялдар жана кыздар үчүн убактылуу кризистик борборлор жана мобилдик топтор уюштурулду.

Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында бир катар эл аралык долбоорлор ишке ашырылып келет. Алардын бири «Теңдик нуру» долбоору Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан демилгеленген. Кыргызстанда 2020-жылы ишке кирген.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве аталган программа төрт жыл ичинде өз ара байланышкан алты багытта иш алып барганын белгиледи.

Муну менен катар ал сексуалдык жана гендердик зомбулук көйгөйлөрүн ар тараптуу чечүү аракеттери көрүлгөнүн айтты.

«Теңдик нуру» демилгеси Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө багытталган. Мында өзгөчө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, сексуалдык асылууга, сексуалдык жана гендердик зомбулукка, ошондой эле жашы жете электердин никеге туруусуна жана «ала качууга» өзгөчө көңүл бурулган. Демилгенин техникалык колдоосу менен эки фундаменталдык стратегия кабыл алынган.  Алар 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарда улуттук иш-аракеттер планы . Мындан сырткары долбоордун алкагында бир топ иштер аткарылды».

Долбоор Министрлер кабинети, Жогорку Кеңеш жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан колдоого алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева программанын алкагында жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгөн иштер бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын билдирди.

Алыбаева долбоордун мөөнөтү аяктаса да, иштер улана берерин белгиледи.

Ошондой эле ал демилгенин алкагында 4 жыл ичинде кандай жыйынтыктар болгонуна токтолду:

«Долбоордун алкагында жылыштар көп болду. Биринчиден, жакшы мыйзамдар иштелип чыкты. Эки институт бул боюнча иш алып барууда. Мындан сырткары жер-жерлерде зордук-зомбулукка каршы комитеттер ачылды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 470тей комитет бар. Муну менен гана чектелбестен аймактарда окутуулар жүргүзүлдү. Көбүнчө маалыматтык иштер жүрдү. Долбоордун эң жакшы нерсеси: үй-бүлө менен иштөө болду».

«Теңдик нуру» программасынын жардамы менен мыйзамдарга жана кодекстерге бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, жакшыртылганын Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова да айтты.

Эл өкүлү мындан сырткары аялдар жана кыздар үчүн убактылуу кризистик борборлор жана мобилдик топтор, акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү «114» ишеним телефону жана башка зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар уюштурулганын кошумчалады.

«Бардык аймакты кыдырып, бүгүнкү күндө аялдардын, балдардын укуктарынын сакталышы, ошондой эле гендердик теңчиликтин сакталышы жер-жерлерде кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды жыйнадык. Бул долбоордун өзгөчөлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарын эле кошпостон, аткаруу бийлиги, укук коргоо органдары, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар биргелешип иш алып барган чоң аянтча болду».

Расмий маалымат боюнча өлкөдө акыркы үч жылда 20дан ашык аял зомбулуктан каза болгон. Жылына 10 миңге жакын аял үй-бүлө зомбулугунан жабыркайт. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90%дан ашыгы сотко жетпей, ар түрдүү себептер менен кыскарып кетет. Муну менен катар канчалаган зомбулук катталган учурлар ачыкка чыкпай калууда.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Кыргызстанда зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө ушундай долбоорлор керек экенин, «Теңдик нуру» аркылуу кыска убакытта көптөгөн маселелер аныкталганын айтты.

«Көйгөйлөрдү аныктаганга шарт түзүп беришти. Ошондой эле аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралды. Долбоордун алкагында биздин коомдук фондубуз колдонмо түзүп чыктык. Жергиликтүү бийликтин деңгээлинде иштеп жаткан адистерге карата колдонмо иштеп чыктык. Анда кантип зомбулуктан коргоп калуу жолдору каралган. Ошондой эле зомбулукка учурагандар болсо, кантип жардам берүү керектиги сунушталган».

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсондун маалыматына караганда, аталган долбоорду колдоо үчүн 500 млн евро каралып, анын болжол менен 6,7 млн доллары Кыргызстанга бөлүнгөн. Акыркы төрт жылда программанын алты багыты тең ийгиликке жетишти. Ар тараптуу аракеттер аркылуу Кыргызстандагы 39 миңдей адамга, анын ичинде аялдарга, кыздарга, эркектерге жана балдарга зордук-зомбулукка коргонууга жана жардам алууга көмөктөштү.

Copyright © 2017 Maral FM