Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жаңы каттамдар жана жүргүнчүлөрдүн нараазычылыгы

Коом | 4 Сен 2023 | 320 | 0

Бишкекте бир катар кичибустун ордуна жаңы муниципалдык автобустардын чыгарылганы айрымдардын нааразылыгын пайда кылды. Шаар тургундарынын кээ бири автобустардын иш убактысы кыска экенин, ошондой эле күтүүгө бир топ убакыт коротулуп жатканын айтышууда. Ал эми айрымдар маршрутканын ордуна автобустардын киргенин туура деп эсептейт.  Буга байланыштуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти түшүндүрмө берип, каттам эки-үч күндө жөнгө салынарын билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Айбек Болотбеков №212 маршруттук бус менен күн сайын жумушуна каттап келген. Ал кичибустун ордуна жаңы автобустар киргенден бери ишине кечигип барып жатканын айтат. Ошондой эле ал мэрияга жаңы автобустардын каттамын көбөйтүүнү сунуштады.

«№212 маршрутканын өзү жүргөнү жакшы болчу. Алардын саны көп, ошондой эле бат-баттан келип турчу. Жумушка убагында барасың. Мына азыр 20 мүнөттөн бери турам, автобус жок. Бул учурда маршрутка 2-3 жолу келип кетчү. Бул кичибустун дагы бир жакшы жери түнү 12лер чамасында да каттай берет. Ал эми жаңы автобустар бат эле токтоп калууда. Барчу жериңе убагында бара албайсың. Башка маршруткаларга отурсаң, жолуң узарып кетет».

Борбор калаанын дагы бир тургуну Асылбек Жетигенов жаңы автобустардын каттамы эрте токтоп калганына байланыштуу үйүнө такси менен барууга аргасыз болуп жатканын, бул оорчулук алып келгенин айтты.

«Мен дайыма жумуштан кийин №212 маршрут менен үйгө барам. Ал эми азыркы автобустар маршруткаларга окшоп кечинде жүрбөйт. Азыр болсо жумуштан кийин чыгып, кармалып жатам. Айла жок такси менен жүрүүгө туура келип жатат. Тапкан акчамдын көбү эле таксиге кетип калат го эми».

Ал эми дагы бир жашоочу Атай Турусбеков тескерисинче жаңы автобустардын каттамга чыкканын колдойт. Муну менен катар ал шаардын ичинде маршруткалардын ордуна автобустарды жайылтуу керектигин кошумчалады.

«Автобус менен жүргөн жакшы. Биринчиден, ыңгайлуу. Экинчиден, мамлекетке акча түшүп турат. Айдоочуларды окутушат. Маршруткалар башаламан жүрөт. Канча ызы-чуу чыгат анын айынан. Бир сөз менен айтканда, ыңгайсыз».

Мэрияга караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков №212 маршруттук каттамы боюнча учурда 18 бирдик иштеп жатканын, жалпы 22 бирдик чыгышы керектигин маалымдады.

Ал эми каттамдардын ортосундагы аралыкты жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканына ишендирди.

«5 кичибустун ордуна 5 чоң көлөмдүү автобус ишке кирди. Алардын номурлары ошол бойдон калды. Ал эми маршруткаларга башка кыймыл сунушталды. Бул боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. 31-августтан баштап пилоттук түрдө ишке киргиздик. Эки-үч күндө каттамдар толук кандуу жөнгө салынат».

Президент Садыр Жапаров 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында автобус чыгаруучу заводго барган.

Буга чейин бул заводдон Бишкек үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобус сатып алынган. Алар сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими чыккан.

Бүгүнкү күндө бул автобустардын 25и келди. Мэриянын маалыматына караганда, 500 автобус быйыл, калган 500ү кийинки жылы алып келинет.

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жетекчиси Бакытбек Темикеев Кытайдан келген жаңы автобустар кечки саат 22:00гө чейин иштеп жатканын, эми түнкү саат 23:00гө чейин каттай турганын айтты.

«Азыркы учурда жалпы санын көбөйтүп жатабыз. Башында жаңы каттам болгондуктан аз көлөмдө жөнөтүп көргөнбүз. Кечки саат 10го чейин иштеп жаткан. Жогору жактан буйрук келди. Анын негизинде эми түнкү саат 11ге чейин иштейт. Эки-үч күндүн ичинде калыбына келет. 50гө жакын маршрутка бар болчу, анын ордун 20дай автобус камыздайт».

Бишкекте Кытайдан келген жаңы автобустар 31-августтан тарта каттамга чыга баштаган.

Ал эми буга чейин жол тармагы боюнча адистер шаардын жолдору 1000 автобус кабыл алууга даяр эместигин айтышкан. Ошондой эле борбор калаанын көчөлөрүнүн абалы жакшы эмес деп бааланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM