Биз менен байланышыңыз

Ош, Жалал-Абад жана Таласта УКМКнын имараттары жаңыланып бүттү

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 173 | 0

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы катышты.

Камчыбек Ташиев Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында атайын кызматтын бардык имараттары толугу менен жаңыланып бүткөнүн билдирип, жакында Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы курулуш иштери аягына чыгарын кошумчалады.

Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган, имаратты курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM