Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бүгүн 42 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 204 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Жаңы окуу жылынын ачылышына 43 мектеп даяр болду. Калган мектептер ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 1-сентябрь Кыргызстанда Билим күнү. Жаңы курулган мектептердин ачылыштарына өлкө жетекчилери ар кайсы аймактардан катышты.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды. А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназия 1956-жылы негизделген.

Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы интернатта капиталдык реконструкциялоо башталган.

Президент Садыр Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында жаңыдан курулган 500 орундуу мектептин ачылыш аземине катышты.

Copyright © 2017 Maral FM