Биз менен байланышыңыз

Өзбек-кыргыз чек арасындагы Бек-Абад бекети ачылды

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 129 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак району менен коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаары менен чектешкен «Бек-Абад» көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Аталган бекет 2009-жылдан бери жабык турган. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары катышты.

Иш-чарада облус башчысы Абсаттар Сыргабаев чек аранын ачылышы эки өлкө элдеринин көп жылдык мүдөөсүн ишке ашыруудагы тарыхый учур экенин белгиледи. Буга чейин чек аранын жабык турганы туугандык мамилелердин солгундашына, чек арадагы жакынкы аралыкка жетүү үчүн узак жол жүрүп түйшүк тартып келишкенин айтты. Элдердин карым-катнашын чыңдоо багытындагы бул аракет эки мамлекеттин президенттеринин туура саясий чечиминин натыйжасы экенине токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл ачылган чек ара Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп кылымдык тарыхый салттар, ынак достук жана жакшы коңшулук алакаларын дагы да бекемделишине чоң салыш кошоорун, Жалал-Абад жергеси, андагы туристик жайлардын эшиги коңшу мамлекеттин тургундары үчүн ар дайым ачык экенин кошумчалады.

Эми Сузак районундагы Бек-Абад чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өтүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги «Кара-Багыш» өткөрмө бекети ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM