Биз менен байланышыңыз

Оштогу стадиондо башаламандыкка шектелип ондогон адам кармалды

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 954 | 0

Ош шаарындагы «Төлөйкөн» стадионунда башаламандык уюштурду деген шек менен ондогон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кармалган жарандар сурак берүүдө.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев стадиондо башаламандык уюштургандар катуу жазаланат деп эскерткен.

Эгемендиктин 32-жылдыгына карата Ошто көкбөрү боюнча президенттин кубогу өткөн. Социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында бир топ адамдар беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган видео тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, баш байгени «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алды.

Copyright © 2017 Maral FM